23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

               23-Сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алып, кыргыз тили өлкөдө «мамлекеттик тил» деген статус алган. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили — мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 

               Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук тили. Ал лексикалык байлыгы мол, грамматикалык курулушу өркүндөгөн, өсүп-өнүккөн тилдердин катарына кошулат. Өзүнүн чыгыш теги боюнча кыргыз тили түрк тилдерине кирет. Анткени ал лексикалык составы, синтаксистик түзүлүшү жана морфологиялык каражаттары жагынан турк тилдерине (казак, өзбек, татар ж. б.) жакын турат. Мүрзөнүн үстүнө коюлган таштарга, айрым буюмдарга жазылган кыргыз жазуулары Енисейдин жогору жагынан, Туштук Батыш Монголиядан жана Түштүк Сибирден табылган. Эстеликтерде баяндалган окуялардан улам жазуулардын көбү VII кылымдардын аягына таандык экенин билсе болот. Бул Енисей-Орхон жазуулары илимде XVII кылымдын аягынан бери белгилүү болсо да, анын мааниси XIX кылымдын аягында гана чечмеленген. Академик В. Радлов алардын баарын которуп, 1897-жылы бастырып чыгарган. Өзүнүн мазмунуна Караганда, Енисей эстеликтеринин эң эскиси — Торопа Ичкеринин урматына коюлган бегре жазуусу. Бул — кыргыз элинин эн байыркы адабий текстин, Бегре жазуусун, Радлов 648-жылга таандык деп эсептейт.

               Енисей жазууларын кыргыз адабиятынын башталгыч булагы катары караса болот, анткени анда көркөм адабиятка таандык каражаттар (уйкаштык, метафора, гипербола ж. б.) орун алган. Орхон-Енисей жазуулары ислам дининин таралышы (X—XI к.) менен акырындап колдонулбай, унутулуп калган. Түрк тайпалары араб алфавитин колдонууга откөн. Араб тамгасында иш кагаздарын, тарыхый документтерин, адабий чыгармаларын ж. б. жазып калтырышкан. XX кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тилинде окуу китептери жазыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб алфавитинде жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүнө ылайык келбегендиктен, 1928-жылдан баштап латын графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы алфавит колдонула баштаган.

               Андан кийин, 1941-жылдан тартып, орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы жазууга өткөн. Азыркы кыргыз жазуусу фонетика-морфологиялык принципке негизделген. Анда орус алфавити толук пайдаланылып, Н, Y, О тамгалары кошумча киргизилген.

Улуттук программанын негизинде жарык көргөн китептер  китепкананын текчесинде

“Азыркы кыргыз тили “

“Кыргыз тилинин жазма грамматикасы”

“Улуттук эницклопедия”

“Курманжан Алай ханышасы”

“Залкар акындар сериясы”

“Эл адабияты сериясы”

“Кыргыз адабияты” (Антология)

“Окурмандардын китеп текчеси” сериясы